Turmush — Өзгөн—Мырза-Аке—Кара-Кулжа унаа жолунун жээгине тротуар куруу иштери башталды. Бул тууралуу Мырза-Аке айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, көп жылдан бери Өзгөн—Мырза-Аке—Кара-Кулжа унаа жолунун жээги жөө жүрүүчүлөр, айрыкча жаш балдар үчүн өтө кооптуу болуп келген.
Учурда республикалык бюджеттин эсебинен борбордук жол болуп саналган Жээнбеков көчөсүнө жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулуп, лотоктор орнотулууда.
Буга байланыштуу айыл өкмөтү жашоочулардан жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.