Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында 20 гектар аянтка эгилген 8 миңге жакын алма көчөтүнүн айланасын тосуу иштери башталды. Бул тууралуу Мырза-Аке айыл өкмөтүнөн билдиришти.
2026-жылдын 28-мартында Мырза-Аке айыл аймагынын Таш-Башат айылында 20 гектар аянтка 8 миңге жакын көчөт тигилди. Долбоор аркылуу алманын 6 түрүнөн көчөттөр алынган.
«Долбоор аркылуу 1 миллион сомго жакын акча каражатына 8 миң түп алма көчөттөрү отургузулган. Ошол алма көчөттөрүн тосуу үчүн жогорудагы долбоор аркылуу 2 миллион сомго жакын акча каражатка тосмолору келди. 11-апрелден тарта тосуу иштери башталды», - деп айтылат маалыматта.