Turmush — Бүгүн, 14-апрелде Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу), Каракол—Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү ыктымал. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.