Turmush — Таласта жол кыймылына тоскоолдук жараткан 7 айдоочуга 105 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин жол сакчылары билдирди.
Маалыматка караганда, алар Талас районунун Ак-Коргон айылында автоээнбаштык жасап, жол кыймылына тоскоолдук жаратышкан. Жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде унаалар табылып, айдоочуларына Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 189-берененин 1-бөлүмү боюнча (автоээнбаштык) менен 15 миң сом айып пулдар салынып, тиешелүү протоколдор түзүлгөн. Жалпы 7 унаанын айдоочусуна 105 миң миң сом айып пул салынып унаалары айып короого токтотулду.