Turmush — Жаздын башталышы менен Талас шаарындагы тоок базары кайрадан жанданып, канаттууларды багууга кызыккандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Соодагерлердин айтымында, жөжөлөргө болгон суроо-талап жогорулап, базардагы соода күн сайын активдүү жүрүүдө. Учурда ар түрдүү породалардагы тоок, өрдөк жана каздын жөжөлөрү сатылып жатат. Баалары породасына жараша айырмаланат. Мисалы каздын жөжөлөрү эң кымбат болуп, 1 даанасы 550 сомдон сатылууда. Ал эми өрдөктүн жөжөлөрү 300 сомдон башталат. Эт багытындагы бройлер породасындагы тооктун жөжөлөрү 120 сомдон сунушталууда.
Мындан тышкары, джерси породасындагы тооктун жөжөлөрү 150 сомдон 180 сомго чейин бааланса, жөнөкөй кыргыз тоокторунун жөжөлөрү 120 сомдон сатылып жатат.