Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Миң-Булак айыл аймагында жаңы отургузулган көчөттөргө чачыратып сугаруу технологиясы колдонууда. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Деңизбек Раимкулов билдирди.
Анын айытымында, «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында ар бир айылда тазалык күнү өткөрүлүп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жумуштары жүрүп жатат.
«Айыл аймагыбыздын административдин борбору Садовой айылында эс алуу паркы жайгашкан. Ал жайга 150дөн ашуун туя жана башка бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Элибиз "Суу — өсүмдүктүн каны" дешет эмеспи. Жаңы отургузулган көчөттөргө чачыратып сугаруу технологиясы колдонууда. Анын өзгөчөлүгү, чачыратып, жамгырлатып сугаруу топурактын түзүлүшүн бузбастан, нымдуулукту бирдей бөлүштүрөт жана өсүмдүктүн өсүүсүн жакшыртат», - деди Раимкулов.
Аталган айылдагы маданият үйү оңдоо-түзөөдөн өткөн соң анын базасында «Ак-Илбирс» жаштар борбору ачылган. Эми аянтчасындагы эс алуу жай «Жаштар паркы» деп аталары күтүлүп жатат.