Turmush — Токмок шаарынын жаш спортчусу Даниил Пастухов таэеквондо боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-мартта Бишкек шаарында таэквондо боюнча ачык турнири болду. Анда Токмок шаарынын №10 мектебинин окуучусу Даниил Пастухов 1-орунду жеӊип, алтын медалды тагынды.
Даниил Пастуховду Александр Жигульский машыктырат.