Turmush — Бүгүн, 13-апрелде Ош мамлекеттик университетинде эмчек рагына каршы күрөшүү боюнча эл аралык жыйын өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө адистер тарабынан презентациялар көрсөтүлдү. Студенттер сүт безинин рагынын клиникалык белгилери, коркунуч факторлору жана эпидемиологиясы менен таанышты.
Ош облустар аралык онкология борборунун жетекчиси Зарипа Паизованын айтымында, онкологиялык оорулардын арасында аялдардын көкүрөк безинин оорусу Ошто биринчи орунда болуп жатат.
«Бул долбоор абдан керектүү убакытта келди. Бизде профилактика жүргүзүү үчүн онколог, маммологдор жетишсиз. Азыр ОшМУнун долбоорунун негизинде өзүн-өзү текшерип, көкүрөк безинин рак оорусунун алдын алуу боюнча маалымат берилди. Долбоордун максаты аялдар арасында кантип өзүн-өзү текшерип, ооруну аныктоону үйрөтүүнү көздөйт. Аныктагандан кийин анан бизге жөнөтөт. Биз тереңирээк текшерип дарылайбыз.
Дүйнөлүк стандарт боюнча, аялдарды 40 жаштан баштап текшере башташат. Кыргызстанда кыздар эрте турмуш куруп жаткандыктан бизде 35 жаштан баштап текшериле башташат.
Ош облусунда 4 пайыз эркектер арасында аныкталды. Кыргызстан боюнча 25 миң аял каттоодо турат. Ош облусу боюнча 2025-жылы 150 аял катталды. Былтыркы жылы Кыргызстан боюнча 270 аял каза болду», - деди Паизова.