Turmush — Нурдин Эрматов Жалал-Абад облустук кан борборунун директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов кол койду.
Нурдин Эрматов 1968-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 3 уулдун атасы.
Билими:
- Кыргыз мамлекеттик медициналык институту, стоматология факультети, стоматолог дарыгер;
- Жалал-Абад мамлекеттик университети, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу-менеджер.
Эмгек тажрыйбасы:
- 1986-1993-жылдары — Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун студенти;
- 1987-1989-жылдары — советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
- 1993-2003-жылдары — Жалал-Абад стоматологиялык бейтапканасында стоматолог;
- 2003-2011-жылдары — «Нур-медик» медициналык борборунда стоматолог дарыгер;
- 2008-жылы — Жалал-Абад шаардык кеңешинин V чакырылыштын депутаты;
- 2008-2011-жылдары — Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары;
- 2011-2012-жылдары — Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы;
- 2012-жылы — Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты;
- 2013-2014-жылдары — Жалал-Абад шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
- 2015-жылы — Жалал-Абад шаардык кеңешинин социалдык-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
- 2016-2018-жылдары — Жалал-Абад облустук кан борборунун башкы дарыгери;
- 2017-2018-жылдары — КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын коомдук жардамчысы;
- 2018-2020-жылдары — Жалал-Абад облустук саламаттыкты сактоо координатору, облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору;
- 2020-2025-жылдары — Жалал-Абад облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүү «Бакыт» борборунун директору;
- 2026-жылдан баштап жаңы кызматка дайындалганга чейин — Жалал-Абад облустук кан борборунда бөлүм башчы.
Алган сыйлыктары:
- «Саламаттыкты сактоонун отличниги»;
- Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамотасы, ИИМдин, УКМКнын ардак грамоталары;
- 2025-жылы «Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу» наамы берилген;
- Саламаттыкты сактоо министрлигинин Түштүк жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунун ардактуу профессору.