Turmush — Бүгүн, 13-апрелде Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 118, 128,129, 131 жана 132 -чакырымдарында, ошондой эле 3886, 3898, 3899-темир жол тилкелеринде таш түшүү коркунучун алдын алуу максатында атайын иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган тилкелерде коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тоо боорлорундагы бош жаткан таштарды атайын техникалардын жардамы менен түшүрүү жана тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул иштер жол колдонуучулардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоого, күтүүсүз кырсыктардын алдын алууга багытталган.
Иш-чаралар өткөрүлүп жаткан учурда жол кыймылы айрым тилкелерде убактылуу чектелиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу айдоочулардан жана жарандардан түшүнүү менен кабыл алып, коопсуз аралыкты сактоо, жол белгилерине көңүл буруу жана өзгөчө этияттык менен жүрүү талап кылынат.
Мындан тышкары, жол кырсыктарын алдын алуу багытында милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айдоочуларга жол эрежелерин сактоо, ылдамдык режимин бузбоо жана кооптуу тилкелерде ашыкча маневр жасабоо боюнча эскертүүлөр берилүүдө.