Turmush — Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүндөгү көп кабаттуу үйгө кирип бара жаткан жарандар видеокамерага түшүп калды. Видеодон 2 жаран көп кабаттуу үйдөгү подъездден коляка менен велосипедди алып чыгып кетишкенин көрүүгө болот.
Окуя 2026-жылдын 9-апрелинде болгон.
Ал эми Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, бул окуя боюнча жетекчилик көзөмөлгө алган, ыкчам маалыматтар бар.
«Тасма боюнча териштирүү иштерин Ак-Буура милиция бөлүмү жүргүзүп жатат. Жарандар тууралуу маалыматтар бар. Жакынкы күндөрү кармалат. Бул жарандар 9-апрелде велосипед менен коляка алып чыгып кетишкен. 2 күндөн соң кайра алып келип коюшкан», - деди Замир Сыдыков.