Turmush — Кечээ, 12-апрелде Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы Салижан Шарипов атындагы мектепке космонавттын бюсту орнотулду. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.
12-апрель — Космонавттар күнүнө карата космонавт Салижан Шариповдун катышуусунда атын алып жүргөн мектепте космонавттын бюстунун ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Салижан Шарипов, Өзгөн районунун акиминин орун басары Максат Ибраимов, Өзгөн шаарынын вице-мэри Айбек Тешебаев, мектеп жамааты катышты. Максат Ибраимов мындай демилгелер жаштарды тарбиялоодо жана алардын келечекке болгон ишенимин арттырууда чоң роль ойной турганын белгиледи.
Салижан Шарипов өз кайрылуусунда окуучуларга бакубат жашоо, чынчылдык жана эң башкысы билимдүүлүккө умтулуу зарылдыгын айтып өттү. Ал жаштарга максат коюп, эмгек менен бийиктиктерди багындырууга чакырды.
Өзгөн шаарындагы мектепке 1998-жылы Салижан Шариповдун аты берилген.
- Салижан Шарипов Шакирович — Кыргыз Республикасынын алгачкы космонавты. Ал 1964-жылы 25-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган.