Turmush — Кубанычбек Шерматов Манас шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгө буйрукка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кол койду.
Шерматов Кубанычбек Абдыжапарович 1990-жылдын 24-сентябрында Ош шаарында төрөлгөн.
Билими:
• 2013-жылы Жалал-Абад укук, бизнес жана компьютердик технология институтунун Юриспруденция адистигин аяктаган;
• 2019-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча магистратураны аяктаган.
Эмгек жолу:
• 2014-жж. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
• 2014-2016 жж. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
• 2016-ж. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Базар-Коргон райондук башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
• 2016-2021 жж. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жетектөөчү адис – юристи;
• 2021-2022 жж. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын Мүлктү каттоо жана башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
• 2022-2023 жж. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адис – юристи;
• 2023-2024 жж. Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башкы адис – юристи;
• 2024-2026 жж. Манас шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы.
- Манас шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары кызматын буга чейин Гүлбарчын Таштанбекова аркалап келген. Ал өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.