Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сары-Өзөн айыл аймагында ийгилик жараткан спортчуларга сыйлык тапшырылды.
Айыл өкмөттүн маалыматына караганда, айыл аймакта спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп келет. Футбол, дзюдо жана улак тартыш сыяктуу спорт түрлөрүн өнүктүрүү максатында жаштарга шарттар түзүлүп, ар кандай мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүктөр камсыздалууда.
Сокулук районунун акиминин кубогуна арналган улак тартыш боюнча мелдеште «Төш-Булак» командасы 3-орунду ээледи. Ал эми ушул эле кубоктун алкагында өткөн футбол мелдешинде «Арал» командасы 1-орунду багындырып, «Төш-Булак» командасы 2-орунду ээледи. Мындан тышкары, Асылбаш айылынын 35 жаштан жогору ардагерлер командасы да 3-орунду ээледи.
«Бул жетишкендиктери үчүн командаларга акча каражаттары бөлүнүп, тийиштүү колдоолор көрсөтүлдү. Ошондой эле, Сары-Өзөн айыл аймагынын тургуну Казымбекова Диана дзюдо боюнча дүйнөлүк чемпионатына катышып, 2-орунду ээлеп келип, айыл аймактын сыймыгына айланды. Анын ийгилиги жаштарга дем берип, спортко болгон кызыгууну арттырууда.
Айыл өкмөтү мындан ары да спорт тармагын колдоону улантып, жаш муундун өсүп-өнүгүүсүнө жана жаңы ийгиликтерге жетишине шарт түзө берет», - деп айтылат маалыматта.