Turmush — Кемин районунун Алтымыш айылындагы мектептин жабылышына жергиликтүү тургундар нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.
Тургундардын айтымында, аталган мектепте 75 окуучу билим алат. Мектеп жабылса, алар үчүн бир канча көйгөй жаралат. Андыктан бул маселени пезидент Садыр Жапаровго айтып кайрылышат.
Ал эми Кемин районунун акимчилигинин маалыматына караганда, мектептин жабылышы боюнча чечимди Агартуу министрлиги кабыл алат. Анткени ал алгач бала бакча катары салынган.
«Алтымыш айылындагы мектеп боюнча Агартуу министрлиги тарабынан каралууда.
Учурда мектепте 75 окуучу билим алууда. Оптималдаштыруу маселеси 2 жылдан бери көтөрүлүп келет. Биз тараптан калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандардын пикири эске алынууда. Жабылса 3 км аралыкта мектеп бар. Айыл өкмөт транспорт маселесин чечет. Акыркы чечим Агартуу министрлиги тарабынан кабыл алынат. Учурдагы мектеп башында бала бакча катары салынган. Эгер мектеп жабылса, имарат бала бакча катары ишин улантышы ыктымал», - деп айтылат маалыматта.