Turmush — Ош технологиялык университетинин делегациясы Астана шаарында жайгашкан Назарбаев университетинде иш сапары менен болуп, эки окуу жайдын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган расмий жолугушуу өткөрүлдү.
Иш сапардын алкагында делегация университеттин кампусу менен таанышып, заманбап материалдык-техникалык базасы, лабораториялары жана билим берүү шарттары тууралуу кеңири маалымат алышты.
Расмий жолугушуунун жүрүшүндө ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов сөз сүйлөп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өз сөзүндө академиялык мобилдүүлүк, илимий-техникалык кызматташтык, инфраструктуралык алмашуу жана студенттик өз ара аракеттенүү багыттарында биргелешкен иштерди жүргүзүү боюнча сунуштарын билдирди.
Жолугушууга Ош технологиялык университетинен төмөнкү өкүлдөр катышты:
– Улукбек Мамытов – окуу иштери боюнча проректор, профессор;
– Азиза Саттарова – педагогика илимдеринин доктору, профессор;
– Мерим Атакулова – филология илимдеринин доктору, профессор.
Ал эми Назарбаев университети тарабынан төмөнкү өкүлдөр катышты:
– Шаматов Дуйшонкул – ассоциацияланган профессор, Жогорку билим берүү мектеби;
– Айнур Алгаш – улук менеджер, интернационалдаштыруу департаменти;
– Малика Тайшибекова – эл аралык студенттерди кабыл алуу боюнча координатор.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер жана окутуучулар үчүн алмашуу программаларын ишке ашыруу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жайкы мектептерди уюштуруу жана инновациялык долбоорлорду колдоо маселелери талкууланды.
Иш-чаранын соңунда тараптар мындан аркы кызматташууну бекемдөө жана эки университеттин ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча макулдашышты.