Turmush — Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-апрелде Ош облусунун Араван районунун активи жана жашоочулары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Чек-Абад айыл аймагындагы жергиликтүү депутат Муратбек Эргешбай уулу 3 маселе боюнча кайрылды.
«Биринчиси — мектеп маселеси. 2021-жылдан бери жүрөм, документи даяр. "Атаңа бар, энеңе бар" дегенден башканы билбей жатышат. Мектеп бүтпөй жатат, каякка барышыбызды билбейбиз», - деди ал.
Садыр Жапаров Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаевден: «Силер облус боюнча кайсы айылдарда эски мектептер, кайсы айылдарда кичинекей мектептер экенин өкмөткө бердиңер беле?», - деп сурады.
Аманкан Кенжебаев тизме берилгенин айтты.
Садыр Жапаров 1-2 жылдын ичинде мектеп салына турганын билдирди.
Муратбек Эргешбай уулу ошондой эле бала бакчаны кеңейтип, Чек-Абад айыл өкмөтүнө таштанды ташуучу унаа берүүнү суранды.
Өлкө башчысынын айтымында, аталган айыл өкмөткө 2 айдан кийин таштанды ташуучу унаа алынып берилет.
Муратбек Эргешбай уулу Араван районундагы жетекчилер иштебей жатканын айтып даттанды.
«Айыл өкмөттөргө чейин иштебей жатышат. "Чёрныйларды" жоготтуңар, булар "чёрныйлардан" да өтүп кетти. Байларга чектерди [жер тилкеси] берет, бей-бечаралар ыйлап жүрүшөт. Жалгыз бой адамдар албайт, алардын бешиктеги баласына чейин алып алышты», - деди ал.
«Силердин айылда — Чек-Абадда үй салганга эмне жер алып жатасыңар», - деп сурады президент.
«Шор-Булак деген жерибиз, анан 19 гектар жерибиз бар», - деди Эргешбай уулу.
Садыр Жапаров: «Ошол жерлерди бербей жатабы? Ал жер айдоо жерби?», - деп сурады.
Муратбек Эргешбай уулу: «Кайракы жер. Мөңкөтай, Акша деген жерлерди трансформация кылдырбай жатат», - деди.
Садыр Жапаров: «Токтоп туруңуз, сиз ала албай жатасыз. Эл ала албай жатат, макул. Кимге берди ошол жерди? Чек алып алгандар барбы? Бул жакта жок деп жатат. Сиз бар деп жатасыз. Алып алгандардын тизмесин мага бергилечи. Ким алып алды, ошолордун тизмесин таап, сизде болсо мага жибериңиз. Сөзүңүздү далилдеңиз», - деди.