Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовой айылындагы социалдык шаарчанын жашоочулары топтогон акча каражатын кайрымдуулукка жумшашты. Бул тууралуу жашоочу Ирина Жумагулова билдирди.
Административдик-аймактык реформадан кийин Садовой айылы жаңы түзүлгөн Миң-Булак айыл аймагынын курамына кирген. Демөөрчүлөр тарабынан курулган социалдык шаарча 2019-жылы пайдалууга берилген.
Ирина Жумагулованын айтымында, мындан 7 жыл мурун 11-апрель күнү 68 үй- бүлө социалдык шаардан үйлүү болушкан.
«Мында басымдуу бөлүгү жалгыз бой энелер жашап келет. Элибиздин байыркы салтын улап, үйлүү болгонубуздун 7 жылдыгына карата өз демилгебиз менен акча топтоп, түлөө өткөрүүнү чечкенбиз. Бул күнгө жакын калганда кокусунан 61 жаштагы жашоочубуз каза болуп калды. Топтолгон акча каражатты маркумдун неберелерине кайрымдуулук иретинде өткөрүп бердик. Бул биздин ынтымагыбыздын, улуттар аралык биримдигибиздин белгиси», - деди Ирина Жумагулова.
Ал өз сөзүндө жашоочулар учурда социалдык шаарчаны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.