Turmush — Нарын шаарынын 50 жаштагы тургуну — 5 балалуу Адалат Раджабова бул айда жөлөк пул алган жок. Анын жолдошу экинчи топтогу майып.
Адалат Раджабованын айтымында, тамак-ашка акча таппай жаткан учуру.
«Нарын шаарынын тургуну болом. Негизи көп учурда жөлөк пулду токтотуп койгон жана ортодон албай калган дагы учурларым болду. Бүгүн элдер жөлөк пул түштү дегенинен барсам, меники түшпөптүр. Барып сурасам, документ толук эмес деди. Бирок мен 1 ай мурун документти толук алып барып бергем. Кызымдын окуган жеринен маалымат катка эжекесинин колу керек экен. Ал эжеси "больничный" жана башка иштери менен келе элек болгондуктан аталган маалымат катты кечирээк берип калгам. Калганын толук бердим эле.
Биздин 5 балабыз бар, жолдошум майып, анын акчасы дарысынан ашпайт, жетпей дагы калат. Мен болсо үйдөмүн. Жалгыз жөлөк пулду карап, азык-түлүк алчу элек. Ун, май, эч нерсебиз калбады. Эми эмне кылаарыбызды билбей, кол жайып отурабыз.
Чоң кызыбыз дагы быйыл мектепти бүтүп жатат, анын кийими жана башка чыгымдары көп болот экен. Айтоор жашообуз татаалдашып калды. 3 айдын акчасын албай, күзүндө мектепке кийинте албай калдым. Элдин балдарынын кийимдерин кийгиздик. Ошол 3 айдын акчасын бербей коюшкан. Ноябрь айында алганда "алдым" дедиртип кол койдуруп алышты», - деди Раджабова.
Ал эми Нарын шаарынын вице-мэри Элнура Асангазы кызы Turmush басылмасына берген комментарийинде аталган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлө турганын билдирди.
«Жөлөк пулга документтерин кечирээк таршырып калыптыр. Кийинки айда 2 айдын акчасын чогуу алат. Жөлөк пул алганга чейин материалдык жардам уюштуруп беребиз», - деди ал.