Turmush — «Евразия Кыргызстан» коомдук фонду «Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад» жаштар форумуна катышты.
Иш-чараны Кыргызстандын жаштар кыймылы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен чогуу уюштурду. Форумга 5 миңден ашык катышуучу — жаш лидерлер, аймактагы активисттер, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана башкалар чогулду.
Форумдун негизги максаты — өлкөнүн бардык аймактарынан талаттуу жаштарды бириктирүү, билим берүү, спорт, ишкердик жана жарандык активдүүлүк тармагындагы демилгелерди колдоо жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Форумдун алкагында жаш педагогдор үчүн билим берүү аянтчасы, бизнес-форум, мектеп окуучулары үчүн кесип тандоого багытталган иш-чара, студенттик футболдук турнир, волейбол боюнча мелдеш, ошондой эле «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун колдоосу менен «Акылман ордо» интеллектуалдук оюну уюштурулду.
Конкурстук программада логикалык суроолор, Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу суроолор, ошондой эле Жалал-Абад облусунун тарыхына жана экономикалык потенциалына арналган тапшырмалар берилди. Интеллектуалдык таймашка 15 жалпы билим берүүчү мектептен педагогикалык жамааттардын өкүлдөрү катышты.
«Евразия Кыргызстан» аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова белгилегендей, мындай иш-чаралар командалык ишти, критикалык ой жүгүртүүнү жана жаштардын лидерлик сапатын өнүктүрүүгөт өбөлгө түзөт.
Кымбат Урумкулова ошондой эле «Акылман ордо» оюнунун катышуучуларына «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюму Кыргызстанда ишке ашырып жаткан социалдык долбоорлор тууралуу айтып берди. Ал аталган долбоорлордун жаштардын дараметин өнүктүрүүдө жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы билим берүү кызматташтыгын кеңейтүүдөгү маанисин белгиледи.
«Кыргызстанда «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюму 2024-жылдан бери иштейт. Билим берүү, медицина жана жаштар алмашуусу тармагындагы долбоорлорду ишке ашырат. Республиканын студенттерине жана окуучуларына колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Кыргызстанда ири социалдык долбоорлор ишке ашты, анын ичинде Орок айылында «Евразия» үй-бүлөлүк паркы курулду. «Евразия» социалдык дүкөндөрү ачылып, билим берүү программалары жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы алмашуу демилгелери активдүү өнүгүп жатат», - деп белгиледи Кымбат Урумкулова.
Уюштуруучу тууралуу:
«Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюму — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү жана жеке каражаттардын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруучу автономдуу коммерциялык эмес уюм. «Евразиянын» миссиясы — Евразия элдеринин салттуу баалуулуктарын, тарыхый эс тутумун жана бирдиктүү маданий кодун биргелешип сактап калуу үчүн ар кандай курактагы жана кесиптеги адамдардын башын бириктирүү. Уюмдун программалары ар кыл чөйрөлөрдү камтыйт: билим берүү жана медицинадан баштап маданият, ыктыярчылык жана кайрымдуулукка чейин. Флагмандык долбоорлор континенттеги маданияттар аралык диалогдун куралы катары орус тилинин ролун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
«Евразия» ар кайсы өлкөлөрдүн балдары, үй-бүлөлөрү жана жаштары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, педагогдордун, дарыгерлердин, журналисттердин, илимпоздордун жана эксперттердин кесиптик коомчулуктарын өнүктүрөт. Уюм экологиялык, ыктыярчылык жана гуманитардык миссияларды ишке ашырат. Эки жылдын ичинде «Евразиянын» демилгелерин дүйнөнүн дээрлик 40 өлкөсүнөн 120 миңден ашык тилектеш адамдар колдоого алышты.