Turmush — Кечээ, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө жеке ишкер Айдар Бакыев мурунку мэр Жеңишбек Токторбаевдин «снос» иштеринен улам көптөгөн жашоочулар жабыркаганын билдирди.
Ал кенемте маселесин көтөрүп, өлкө башчысынан алтын сурады.
«Оштун эли эки чоң окуяны башынан өткөрдү. Пандемияны башынан кечирген шаар. Экинчиси — Токторбаев Жеңишбек Шермаматович деген ири курулуш магнаты, олигарх, ЖКнын депутаты болуп жүрүп, Ошко келип, мыйзамдарды бузуп, тебелеп-тепсеп, адамдардын укуктары боюнча эч нерсе калбады. Чекеден бузуп, чачып кетти. Ал киши Ош шаарында мамлекеттин ичиндеги мамлекет түзүп, бүтүндөй мамлекеттик бийликти деморализация кылып, арыз-муңдар каралбай, эми кыймылдай баштады. Сиз Жогорку Кеңеште сүйөгөндөн кийин биздин арыз-муңдар карала баштады.
Менин айтайын дегеним, ушул окуя, ушул иштерге укуктук баа берилип, сотко жетип, аягына чыгыш керек. Муну керек болсо "Ош трибуналы" деп атасак болот. Керек болсо 1000ден 2000ден адамдын укугу тебеленип кетти. Бүтүндөй каналдын, дарыянын боюндагы бизнестен эч нерсе калбады. Ош шаарындагы бизнестин бутка турушуна 4-5 жылдык убакыт бар. Ушул бузулган объекттер боюнча кенемте маселеси тезирээк чечилсе жакшы болмок.
Менин айтайын дегеним, сиз президент болгондон бери алтыныбыз 52 тоннадан ашты. Ушул компенсацияны карап, бир 2-3 тонна алтынды Ош шаарына карап берсеңиз», - деди ал.
Садыр Жапаров өз кезегинде ишкерге жооп берип, «снос» болгон объекттер боюнча баарына кенемте төлөнөрүн айтты.
«2 тонна алтын билесизби канча сом болот? Канча доллар турат? Дээрлик 300 млн доллар турат. Балким 400 миллионго чыгып кеткендир. Анан сиздин 2 тонна алтыныңызды биз бере албайбыз. Бирок компенсацияңызды беребиз. Кенемте берет, мэрия баарыңарга берет. Мен тапшырма бердим, "көпкө созбогула" дедим. Жакынкы арада бардык тараптарды чогултуп туруп, Жеңиш мырзанын (ред. Жеңишбек Токторбаев) өзүн да чакырып, отургузуп алып, бул жерде кыйтайлар менен да иш кылып ийген экен, кытайларды да чакырып келип, андан кийин баарын чечип, точканы коюп, "өгүз өлбөсүн, ара сынбасын" кылып туруп, чечкиле деп тапшырма бердим. Компенсацияңызды аласыз», - деди мамлекет башчы.