Turmush — Кечээ, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев («Мурас» фракциясы) бир нече маселе боюнча кайрылды.
Анын айтымында, 5 жылдан ашык убакыттан бери Ош шаарындагы мыйзамсыз сатылып кеткен жерлер боюнча маселе көтөрүп келе жатат. Прокуратура органдарына бир нече ирет арыз менен кайрылган.
«Прокуратура органдары акыркы жылдары жакшы иштеп жатат. Бирок биздин жогорку жактагы соттор мыйзамсыз сатып алган, басып алган жерлердин ээлеринин кызыкчылыгына чечим чыгарып берип коюп жатат. Ошол менин жанымды кейитип жатат. Себеби алар элдин эсебинен байып алып, азыр өзүн Оштогу таасирдүү адаммын деп көрсөтөт. Бирок гектарлаган жерлерди басып алган.
Ошолордун бири — Мырзакматов Мелис. Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын четиндеги 10 гектарга жакын жерге үй салып алган. Андан кийин "Таатан" соода борбору, мурунку "Жибек" комбинаты болсо керек. Жалпы 10 гектардан ашык жерди басып алышкан. Жерди мыйзамсыз сатып алышкан. Бирок азыркы күндө "мен ак иштедим эле, элге күйүмдүүмүн" деп соцтармактан чыкканы туура эмес деп эсептейм.
2020-жылы Кең-Сай массивинде 100 гектар жерди бир кишиги сатып жиберген. Бул боюнча күч органдырына кайрылып жатам. Азыркы күнгө чейин сот иштери бүтпөй, 50 гектары кайтты. Калган 50 гектар боюнча сот иштери каралып, жер басып алган кишилердин кызыкчылыгына чечип берип коюп жатат. Ошолорго өзүңүз дыкат көз жүгүртүп карап бериңизчи», - деди Арзибаев.
Ал ошондой эле эски ипподром боюнча маселе көтөрдү.
«Аянты 3 гектарга жакын жер болгон. Мелис Мырзакматовдун убагында Ош мэриясынын жетекчилиги мыйзамсыз сатып жиберген. Аны Акматбек Келдибеков сатып алган. Ал жерге көп кабаттуу үй курган, жери мыйзамсыз. Айтып чыксаң, "бул кыргыздын чыгаан уулдары, сен көрө албайсың" дешет. Көрө албайт эмес, элдин эсебинен байыгандарды ачык айтканга бел байладым.
Ош шаарындагы жетекчилердин бардыгы бала бакча жетишпей жатканына, жолдун талкаланганына түздөн түз күнөөсү бар. Себеби мен 10 жылдан бери шаардык кеңеште иштеп жатам. Алардын бешиктен бели чыга элек балдары да долларовый миллионер болуп калган. Гектарлаган жерлерди каттап алышкан. Алар акыр аягы жооп бериш керек деп кайрылып жатам», - деди ал.
Садыр Жапаров бул маселерди кароону прокуратура органдарына тапшырды.
«Кол ийрисине тартат болуп чөнтөккө карап, кызыкчылык, тууганчылык кылып, карабай койбогула, реалдуу түрдө карагыла. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дейт. Акыркы убакта кандай болуп чыгып жатат, көрүп жатасыздар«», - деди президент.
Аталган маселелер боюнча Жогорку соттун төрагасынын жарандык иштер броюнча орун басары Шералы Камчыбеков жооп берди.
«Сиз көтөргөн маселе боюнча аталган иш сот өндүрүшүндө турат. Бирок өзүңүз билесиз, соттогу ишке кийлигишүүгө тыюу салынган. Мыйзамда каралган теңдик принцибин бузуп коюшубуз мүмкүн. Бирок кылдаттык менен мыйзамда каралган тартип менен айткан ишиңиз чечилет», - деди ал.
Садыр Жапаров: «Бул мыйзамсыз жерлер, Кең-Сай массиви, ипподром боюнча 3 иш тең турабы?», - деп сурады.
Камчыбеков: «Жок Мырзакматовдун иши боюнча Ош шаардык сотунун өндүрүшүндө турат», - деп жооп берди.
Шералы Камчыбеков Бекболот Арзибаевге жолугушуудан кийин кайрылууну сунуштады.
----------------------------------------------------------------
2025-жылдын 4-июнунда Ош шаардык кеңешинин жыйында депутат Бекболот Арзибаев Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун Ак-Буура дарыясынын жээгинен ээлеп алды делген жерлер боюнча сураган.
«Замирбек Байышович (вице-мэр) Ак-Бууранын жээгиндеги жерлер боюнча комиссия түзүлгөн. Мурунку мэр Мелис Мырзакматов 20 гектарга жакын жерди мыйзамсыз тосуп алган. Ошол жердин тагдыры эмне болду?», - деген Арзибаев.
Ош шаарынын ошол учурдагы вице-мэри Замир Юсупов бул боюнча иш УКМКда экенин билдирген.
«Комиссия түзүп, жыйынтыгын УКМКга өткөрүп бергенбиз. Сиз айтып жаткан жарандын да жерлери аныкталып, ишти УКМК карап жатат», - дешег Юсупов.
2025-жылдын 10-сентябрындагы сессияда кайрадан аталган жерлер боюнча маселе көтөрүлгөн.
Калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев бул маселе боюнча сот иштери жүрүп жатканын билдирген.
«Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар боюнча айтсам, 3 гектар жерине парк жасадык. Октябрда ачабыз. Анан комплекстүү гараждар бар эле, экс-салыкчынын клиникасы, Жээнбековдун кафелери бар болчу. Бийик курулуштан водозаборго чейин парк жасайбыз.
Мелис Мырзакматовдун 43 гектар жери бар экен. Сиз айтып жаткан жер 2 гектардан ашык жер экен. Ал боюнча сот жүрүп жатат. Бир тууганына катталган 36 гектар жери бар экен. Аны да алганы жатабыз.
Андан сырткары кайненесине каттаган 4 гектар 80 сотых жери бар экен. Ал боюнча да сот жүрүп жатат. Жалпы 43 гектар жери бар экен», - деген ал.
2025-жылдын октябрь айында Ош облустук соту Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жакын тууганына каттаткан 36 гектар жери мамлекеттин балансына өткөнүн билдирген.
Маалыматка караганда, Ош облусунун административдик сотунун 30-сентябрдагы өкүмү менен 36 гектар жерди жеке менчикке өткөрүү боюнча Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2006-жылдагы токтому жокко чыкты. Нааразы тарап бул чечимге макул болбой Ош облустук сотуна кайрылган.
Ош облустук соту 30-сентябрдагы чечиминин негизинде Ош шаарынын мэриясынын административдик доо-арызы канааттандырылган. Чечимге ылайык, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-сентябрындагы №140 сандуу токтому менен берилген жалпы аянты 36 гектар жер тилкесинин максаттуу багыты айыл чарба багытындагы жер болуп эсептелгендиктен жана талаш жараткан токтом кабыл алынууда жер тилкесин жеке менчикке берүү боюнча мыйзамда белгиленген тартип сакталбагандыктан, аталган токтом жараксыз деп табылган. Административдик иш боюнча аталган чечим менен макул болбой Ош облустук сотуна апелляциялык даттануу түшкөн.
Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич 2009-жылы 28-январда президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.
2010-жылы апрелде Оштун мэринин милдетин аткаруучу болуп иштеген.
2013-жылы 5-декабрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулган.
2014-жылы 15-январда шаар мэринин кызматына шайлоодо Айтмамат Кадырбаевге утулуп калган.
------------------------------------------------------------------
2025-жылдын 23-сентябрында УКМК тарабынан Оштогу Кең-Сай массивинин инфраструктурасынын курулушунда бюджеттик каражаттардын уурдалышы боюнча кылмыш ишти иликтеп жатканы белгилүү болгон.
Жалпы 9 адам кармалган. Алардын катарында кызматтагы адамдар жана компаниялардын жетекчилери бар.
УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 2025-жылдын июль айында Кең-Сай массивине бөлүнгөн акчалардын өздөштүрүлүшү боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.
Атайын кызмат 5-сентябрда иликтөө иштеринин жүрүшүндө «А.Б.», «А.Н.», «Б.С.», «Ю», «С.С.», «С.Н.» подряддык уюмдары тарабынан мамлекетке келтирилген алдын ала зыян 18 млн 211 миң 822 сомду түзгөнүн, аталган компаниялардын жетекчилери УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин кабарлаган.
УКМК 25-июлда Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.А.Ж., башкы инженер Т.Д.Ж., башкы эсепчи К.С.О. жана «С.» ЖЧКсынын жетекчиси А.К.Б. Кең-Сай конушундагы жол, суу жана электр энергия менен камсыздоого тийиштүү болгон бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана уурдоо фактылары боюнча кармалганын кабарлаган.
«Жогоруда аталган курулуш иштерин жүргүзүү үчүн бюджеттен 657 млн 45 миң 900 сом каралган. Бүгүнкү күнгө карата келтирилген зыяндын суммасы 115 млн 407 миң 828 сомду түзөт. Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары ишенимдүү адамдар аркылуу подряддык уюмдардан бөлүнгөн акчаны өз каалоосу боюнча пайдалангандыгы үчүн "откат" алышкан, анын кесепетинен подряддык уюмдар тарабынан курулуш иштери атайын созулуп, көрсөтүлгөн кызматтар сапатсыз аткарылган жана өз убагында бүткөрүлгөн эмес», - деп айтыган маалыматта.
Кылмыш иш Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен козголгон.
УКМКнын басма сөз кызматы тараткан сүрөттөргө караганда, кармалгандардын арасында Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Ж.Ө.А.нын (Сооронбай Жээнбековдун президенттиги учурунда) атасы Ж.А.Ж. бар. Ал узак жылдар Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Ортомчу «С.» ЖЧКнын башчысы А.К.Б.ны 2020-жылдын декабрында Финансы полициясы мамлекеттин бюджетинен уурдалган 13 млн сомго байланыштуу кармаган. Ал кезде ал Эсептөө палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлү болчу.
2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийинки бийлик алмашуудан соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен Башкы прокуртура Кең-Сай массивине байланыштуу бир нече ишти иликтей баштаган.
Өкмөттүн 2011-жылдын 2-мартындагы токтому менен Ош шаардык мэриясы менен Ош облус администрациясынын 1939,7 гектар жерди, анын ичинен 1857,7 гектарын жерди айыл чарба багытынан жана 82 гектарын токой фондунун жеринен калктуу пункттар жери категориясына которуу сунушу кабыл алынган.
Кең-Сай массиви өзүнө Кара-Суу, Араван райондорунун жана Ош шаарынын бир бөлүгүн камтыйт. 1 миң 940 гектар жер инфраструктуралык долбоорлорго бөлүнгөн.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция 10 млрд сомдук долбор даярдаган. Буга таза суу менен камсыздоо маселесин чечүү да кирген. Мамлекеттик дирекция иштин бир бөлүгүн аткарып, андан кийин жумуш токтоп калган. Долбоор боюнча 10 млрд сом акчанын ичинен 915 млн сом массивде аткарылган иштерге коротулган. 915 млн сомдун 257 млн сомун дирекция, 729 млн сомун Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы которгон.
915 млн сомду өздөштүрүүнүн алкагында Кең-Сайда 110 Кв подстанция жана кубаттуулугу 04 Кв болгон чакан 2 подстанция салынышы керек болчу. Ага катар эле 12,5 км узундуктагы негизги жолдордуу, 260 км узундуктагы ички жолдорду, насостук станцияларды, резервуарларды куруу керек болчу.
2020-жылдын декабрында Ош облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Талантбек Эшпаев Turmush басылмасына Кең-Сайдай жол салынып, тегизделгенин айтып берген. Бирок каржылоо токтоп калгандыктан иштер да токтотулган.
«Электр мамычалар коюлуп, чубалгылар тартылган. Бирок электр энергиясы бара элегине байланыштуу уурдалып кетпесин деп чубалгыларды алып коюшкан. Анын ичинен «С.Т.» ЖЧКсы («СуТранспромжилстрой»), «К.К.» ЖЧКсы(«Капитал Курулуш») жасай турган иштердин жалпы сметалык баасы 600 млн сом болгон. Бирок бул 2 ишканага 600 млн сомдун 194 млн сому бөлүнүп берилген. Жолдорду бүтүрүү үчүн дагы 406 млн сом бөлүнүшү керек. Мунун ичинен «С.Т.» ишканасына бөлүнгөн жолдун айрым бөлүгү бүтпөй калган. Анан ошол жерде көпүрө курулушу керек эле, ошол көпүрөнү бүтүргөн эмес», - деген ал.
Жолдун курулушун аяктоого дагы 406 млн сом керек болгон. Мунун ичинен «СуТранспромжилстрой» ЖЧКна бөлүнгөн жолдун айрым бөлүгү бүтпөй калган. Ошол жерде көпүрө курулушу керек болгон. Ал дагы бүткөн эмес.
«Биз жерине барып тактаганыбызда, көпүрөнүн негизи бөлүгү болгон түркүктөрүн куюп койгонун көрдүк. Көпүрөнүн балкалары (мостовая балка) ошол жерде турат. Бирок орнотулган эмес. Ошону менен булар Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан 4 млн сомдун тегерегинде дебитордук карыз болуп турган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен дагы 2 млн сомдук карыз аткарылган эмес деп, жалпы 6 млн сом дебитордук карыз болуп турат. Бүгүнкү күнү бул компания өзүнүн аткарылбаган жумуштарын аткаруу боюнча же болбосо акча каражатын кайтаруу боюна жумуштарын баштады деп угуп жатам», - деген болчу Эшпаев.
Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы:
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 9-июлда өткөн жыйында Ош шаарынын Кең-Сай массивин өздөштүрүүгө кеткен каражат боюнча текшерүү жүргүзүү тапшырмасын берген. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 2011-жылы Кең-Сай массивин өздөштүрүүгө 800 млн сом бөлүнгөнүн, бирок 100 млн сомдун тегерегениндеги гана иштер аткарылганын айткан.
«Биринчи Ош—Ноокат менен суу түтүкчөсүн тартыш керек болчу экен. Бирок ал дагы калып кеткен. Башка 110 кВ подстанция курулушу керек экен. Линия келген, бирок подстанция келген эмес. Ошол боюнча акча дагы жок, «подрядчик» дагы жок», - деген мэр.
Ташиев УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Даниэл Рысалиевге кайрылып, канча зыян келтирилгенин сураган. Рысалиев 260 млн сом зыян аныкталганын, бирок сумма мындан да көп болушу мүмкүн экенин айткан.
Андан соң Ташиев прокурордон маалымат сураган. Ош облусунун прокурору Чыңгыз Ахматов иликтөөнүн жүрүшү менен алдын ала 115 млн сос зыян аныкталганын билдирген. Ташиев андан иликтөө канчадан бери созулуп жатканын сураган. Чыңгыз Ахматов иликтөө 2021-жылдан бери жүрүп жатканын маалымдаган.
«4 жылдан бери тергеп, канча адам камалды?», - деп сураган Ташиев.
Прокурор эч ким камалбаганын билдирди.
УКМКнын башчысы бул коррупция экенин айткан.
«4 жылдан бери иликтеп жатасыңар, бир дагы адамды жоопкерчиликке тарткан эмессиңер. Бул прокуратура тарабынан коррупция. Бүгүнкү күндө ким иликтеп жатат?» - деген ал.
Прокурор Ахматов УКМК иликтеп жатканын айтты.
Камчыбек Ташиев УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Даниэл Рысалиевге кайрылып, эмнеге иштин фигуранттары жоопкерчиликке тартылбай жатканын сурады.
«Бул маселе боюнча 2 күн мурда консилиум өткөрдүк. Ар кандай себептери бар», - деп жооп берген Рысалиев.
«Менин башымды айлантпагыла. Мамлекеттин башын да айлантпагыла. Прокуратура турат, УКМК турат, бүгүнтөн баштап чечим чыгаргыла. 260 млн сомду ким зыян келтирсе, ордуна алып келип коюп койсун. Бүгүнтөн тарта мамлекетке зыян келтирген адамдарды кармай баштагыла. Түшүндүңөрбү? Ким болбосун, издегиле, тапкыла. 4 жылдан бери иликтөө бүтпөйт экен. Бул эмне деген иш? Тез-тез иликтеп, сотко өткөрүп берип, түрмөгө айдагыла. Эгер мүмкүнчүлүгү болбосо (зыянды төлөгөнгө) бүт өзүнүн мүлкүн конфискация кылып, мамлекетке өткөзгүлө. Башка айла жок. Жөндөн жөн карап отурбайбыз», - деген Ташиев.