Turmush — Кечээ, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаарынын Озгур айылынын тургуну Умарбек Атабеков 2017-жылдан бери Озгур айылынын тургундарынын үлүш жерин жеке тараптар бөлүп алып, өздөрүнө документтештирип алышканын билдирди.
«2017-жылдан бери элдин үлүш жерин жеке инсандар өздөрүнө бөлүп туруп, документтештирип алышкан. Азыркыга чейин сот процесси аягына чыкпай жүрөт. Элдин үлүшүн жеке тараптар менчиктештирип алган. Ошол маселе эмдигиче чечилбей жүрөт», - деди ал.
Президент Садыр Жапаров сөзгө аралашып: «Азыр токтой туруңуз, элге тийген үлүш жерди ким менчиктештирип алган? Чиновниктерби?», - деп сурады.
Умарбек Атабеков: «Ошо чиновниктер. Бири Суу чарба... Сулайманов Рустам деген».
Президент: «Ким болуп иштейт ал, Сулайманов Рустам?».
Умарбек Атабеков: «Суу чарбасында иштейт».
Президент: «Облустук прокурор барбы? Турчу ордуңдан? Прокуратурадан ким бар? Шаардын прокурорлору? Сиз караңыз мобул ишти, үлүш жерлерди кантип менчиктештирип алат? Суу чарба департаментинин башчысы, түшүнүктүү, ээ?», - деди.
Умарбек Атабеков ошондой эле Озгур айылы сууну башында туруп, таза суу жетишпестиги бар экенин, анан калса бала бакча курууга жер болсо да бүгүнкү күнгө чейин курулбай келерин айтты.
«260 орунду бакча курулса деп сунуштап жатабыз. Эгер мүмкүн болсо бизде инсандар бар, акча чогултуп, эл да кол кабыш кылып, бакчаны өзүбүз эле куруп алсак болот», - деди ал.
Аталган тургун айылга спорт комплекс керек экенин, курулушка көмөктөшө турган инсандар бар экенин билдирди.
Ал эми өлкө башчысы таза суу менен кезек менен чыгарылып жатканын айтып, спорт комплекс куруу үчүн жер бөлүп берүүнү, бирок курулушту көзөмөлдөөнү тапшырды.
Ош шаарын таза суу менен камсыздаган Озгур айылынын өзүндө таза суу жок экени 2026-жылдын 4-мартында Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында айтылган болчу.
Депутат Шайырбек Нуранов («Биздин Кыргызстан» фракциясы) мэр Жанарбек Акаевге кайрылып: «Мен буга чейин 5 мэрге кайрылдым. Сиз алтынчы мэрсиз. Ош шаарын таза суу менен камсыздап келген Озгур айылынын өзүндө таза суу жок. Көп мэр "чечебиз" дейт, бирок үлгүргөн жок. Ушул боюнча сиздин сөзүңүздү уксам», - деген.
Калаа башчысы депутат менен бирге жеринде көрүп келүүнү сунуштаган.