Turmush — Баткен облусунда өрүк дарактарын массалык түрдө зыянкеч курттар каптап, дыйкандар дарактарды кыюуга аргасыз болуп жатат.
Жергиликтүү багбан Турсунали Толомушов Turmush басылмасына берген комментарийинде өзүнүн багында зыянга учураган 40тан ашуун даракты кескенин билдирди.
«Бул оору бир эле Баткенде эмес, коңшу мамлекеттерде да жүрүп жатат. Өрүк дарактары менен кошо токойлордо да пайда болгон. Сөңгөк менен кабыктын ортосундагы куртту дарылоо жолу менен өлтүрүү дээрлик мүмкүн эмес экен. Өткөн жылдан бери ушул оору менен күрөшүп жатабыз.
Мындай абал 5-6 жыл мурда Казакстанда кездешип, ал жакта карантин киргизилип, мамлекеттик деңгээлде чара көрүлгөн. Бизде да мамлекеттик деңгээлде колго албаса, дарактар толугу менен кыйылып кетиши мүмкүн.
Бул зыянкечтерди даракты дарылоо жолу менен жок кылуу мүмкүн болбой жаткандыктан, айрым аксылык дыйкандар кадимки электр энергиясын колдонуу менен арылууга болорун айтып жатышат. Алардын айтымында, 220 вольттук электр энергиясын даракка берип, ток урдуруу аркылуу курттарды жок кылса болот» - деди ал.
Дыйкандын айтымында, бирок бул ыкманы азырынча ачык бөлүшүлө элек.
«Анткени алар бул тажрыйбаны өз каражатына үйрөнүп келишкенин айтып, акы төлөнгөн учурда гана барып дарылап берерин билдиришүүдө. Мен да күн панелинин жардамы менен колдонуп көрдүм, бирок натыйжа болгон жок», - деди ал.