Turmush — Кечээ, 10-апрелде Жалал-Абад облусунун Манас шаарында «Жылдын мыкты мугалими-2026» сынагынын шаардык этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага Манас шаардык кеңешинин жетекчилиги, шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Нурбек Караев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Байзаков жана педагогдор катышты.
Сынакка 17 предмет боюнча жалпы 86 мугалим катышып, 51 мугалим 1-2-3-орундарды камсыздап, диплом жана баалуу белектерге ээ болушту. Биринчи орунду багындырган 17 мугалим алдыда облустук турда шаардын намысын коргойт.
«Жылдын мыкты мугалими-2026» сынагына жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.