Turmush — Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү «Hyundai Sonata» автоунаасынын токтотулушу боюнча маалыматка комментарий берди.
Маалыматка караганда, 10-апрелде саат 11:00 чамасында жол тескөөчүлөр «Hyundai Sonata» автоунаасын токтотушкан. Аталган транспорт каражатынын айдоочусу Алма-Ата көчөсү менен түштүк багытта бара жатып, жол чырактын тыюу салуучу жарыгына баш ийген эмес.
ЖКККБ кызматкерлери атайын үндүк сигналдарды күйгүзүп, дароо айдоочунун артынан кууп жөнөшкөн. Жыйынтыгында Аламүдүн районунун Ленинское айылында жол эрежесин бузган айдоочу токтотулган.
«Видеого түшүп калган учурда патрулдук автоунаа жарандардын, анын ичинде балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын сигналдарды алдын ала күйгүзгөн», - деп айтылат маалыматта.
Айдоочуга укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 188-беренесинин 3-бөлүгү (транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) боюнча протокол толтурулду.