Turmush — Ош технологиялык университетинде өтүп жаткан IX эл аралык жаш окумуштуулардын «Илим. Технологиялар. Инновациялар – 2026» аттуу илимий-практикалык конференция ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Конференцияны Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев расмий ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалап, иш-чаранын илимий маанисине токтолду. Ошондой эле чет өлкөлөрдөн жана жергиликтүү жогорку окуу жайлардан келген коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, жаш окумуштууларга ийгиликтерди каалашты.
Аталган эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Россия жана башка бир катар чет өлкөлөрдөн келген жаш окумуштуулар, илимий кызматкерлер, магистранттар, PhD докторанттар, аспиранттар жана студенттер активдүү катышышты. Конференция илим, технология жана инновация багытындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү платформа болду.
Конференциянын жүрүшүндө бардык секциялар өз алдынча иш алып барып, архитектура жана курулуш, санариптик трансформация жана жасалма интеллект, экономика жана менеджмент, экология жана туруктуу өнүгүү, ошондой эле билим берүү жана укуктук стратегиялар боюнча баяндамалар угулду. Ар бир секцияда катышуучулар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн сунуштап, пикир алышып, тажрыйба алмашышты.
Пленардык жыйын жогорку деңгээлде өтүп, илимдин ар түрдүү тармактары боюнча актуалдуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле семинарлар, практикалык иш-чаралар, постердик сессиялар жана илимий долбоорлордун презентациялары ийгиликтүү өткөрүлдү.
«Иш-чаранын алкагында илимий көргөзмөлөр уюштурулуп, ОшТУнун институттары өздөрүнүн илимий-изилдөө жетишкендиктерин жана инновациялык долбоорлорун кеңири тааныштырышты. Евразия тармактык университетинин көргөзмөсү да катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу жаратты.
Жыйынтыгында, конференция жаш окумуштуулар үчүн илимий тажрыйба алмашууга, жаңы идеяларды өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болуп калды», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.