Turmush — Жумабеков Жалын Самудинович Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка 2026-жылдын 10-апрелинде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жалын Жумабеков 1988-жылы 24-октябрда Сокулук районунун Асылбаш айылында туулган.
Билими:
- 2006-2010-жылдары — Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, философия;
- 2018-2023-жылдары — Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы, менеджмент.
Эмгек жолу:
- 2012-2015-жылдары — Асылбаш жергиликтүү кеңешинин депутаты;
- 2015-2018-жылдары — Асылбаш жергиликтүү кеңешинин төрагасы;
- 2018-2023-жылдары — Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысы;
- 2023-2024-жылдары — Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы;
- 2014-жылдын 26-апрелинен баштап жаңы кызматка дайындалганга чейин — Кемин райондук администрациясы, акимдин биринчи орун басары.