Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлүп, бирок тагдыр буйруп Москвада барбер болуп иштеп жаткан Магомед Салахович бүгүнкү күндө социалдык тармактарда кыргыз тилдүү аудиториянын көңүлүн бурууда. Улуту чечен болсо да, кыргыз тилин өз эне тилиндей көргөн мекендешибиздин кыргыз маданиятына болгон сый-урматы жана жеке жашоосундагы кызыктар төмөндө баяндалат.
«Мен 2000-жылы Токмок шаарында төрөлгөм. Биз үй-бүлөдө үч эркек бир тууганбыз, мен эң кичүүсүмүн.
Бүгүнкү күндө Москва шаарында эмгектенип, жашап келем. Негизги кесибим — барбер. Бул тармакта 8 жылдан бери иштеп, өз кардарларымды таап, тажрыйба топтодум. Ал эми билим жагынан алганда, №61 кесиптик лицейин агроном кесиби боюнча аяктагам.
Балалыгым көп улуттуу чөйрөдө өттү — биздин райондо кыргыздар менен чечендер ынтымакта жашашат. Ошол себептен бала кезимден эле кыргыз досторум менен аралашып, алардын тилин үйрөнүп калдым», — дейт ал.
Тил билген адамдын мүмкүнчүлүктөрү көбөйтөт.
«Улутум чечен болгону менен, кыргыз тили мага абдан жакын. Кыргызча сүйлөгөндө көпчүлүк таң калат. Алардын таң калганы мага да кызык сезилет, анткени мен үчүн бул кадимки эле нерсе. Ата-энем кыргызча түшүнгөнү менен сүйлөшпөйт, ал эми улуу байкелерим жакшы түшүнүп, эркин сүйлөшөт.
Кайсы жерде болбойун, адамдардын биринчи реакциясы — таң калуу. Жумушта, лифтте, көчөдө — баары эле бир суроо берет: “Кантип ушунча тил билесиң?” деген.
Кыргыздар менен кыргызча, орустар менен орусча, чечендер менен чеченче, ингуштар менен ингушча эркин сүйлөшөм. Бул мен үчүн кадимки эле нерсе. Анткени бала кезден көп улуттуу чөйрөдө чоңоюп, ар бир тилди угуп, сүйлөп үйрөнгөм.
Бирок эң кызыгы — адамдардын реакциясы. Айрыкча орустар таң калат: “Кыргыз тили аябай оор тил, сен кайдан, кантип үйрөндүң?” деп сурашат. Ал эми кыргыздар болсо тескерисинче, аябай сүйүнүшөт. Кыргызча сүйлөгөнүмдү укканда жылмайып, жакын тартып кетишет.
Мен үчүн тил — бул жөн гана сүйлөө куралы эмес. Бул — адамдардын жүрөгүнө жол. Кайсы тилде сүйлөсөң, ошол элге жакындайсың.
Жеке жашоомдо да бул байланыш бар. Жубайым кыргыз кызы, Манас шаарынан болот. Үйлөнгөнүбүзгө 4 жыл болду. Азыр Москвада чогуу эмгектенип, бири-бирибизди колдоп жашап жатабыз.
Мен ишенем: тил билген адам — мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтөт. Кайсы жерде жүрбө, адамдар менен бат тил табышып, өз ордуңду табасың.
Азыркы учурда интернет аркылуу да иш алып барып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатам. Жашоомдо жаңы багыт — блог жүргүзүү. Бул идеяны жубайым сунуштап, анын колдоосу менен баштагам. Эми бул ишти өнүктүрүп, алдыга жылдыруу — менин негизги максаттарымдын бири.
Чет өлкөдө жүрсөм да, өз тамырымды, өзүм өскөн жерди жана адамдарды эч качан унутпайм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.