Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ичке-Жергез айылында өскөн 16 жаштагы Айжамал Сыргакова билимге да, өнөргө да дилгир жаштардын бири. Учурда ал гитара чертип, ар кандай сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырып келет. Жаш талант менен аймактык кабарчы маектешти.
Айжамал Сыргакова 2010-жылдын 18-февралында жарык дүйнөгө келген. Учурда ал Аден Истамбеков атындагы орто мектептин 9-классында билим алат. Анын музыка дүйнөсүнө болгон кызыгуусу бала кезинен башталган. Эжеси комуз чертип баштаганда, анын гитарага болгон кызыгуусу ого бетер күчөгөн. Апасы кызынын шыгын эрте байкап, колдоо көрсөткөнүн айтат.
«Эжем комуз ийримине катыша баштаганда, менин да гитарага болгон кызыгуум арткан. Апам музыка мугалими болгондуктан, бул кызыгуумду колдоп, 5-классымда Канымгүл Досманбетова атындагы балдар музыкалык окуу жайга тапшыртышкан. Үй-бүлөдө ата-энем жана беш бир тууганым бар. Атам дагы жакшы ырдайт», — дейт ал.
Үй-бүлөсү анын эң чоң тиреги. Атасынын кеп-кеңеши жана моралдык колдоосу Айжамалды алдыга сүрөп келет. Жол кире, тамак-аш сыяктуу керектөөлөрүн үзбөй камсыздап, кызынын билим алуусуна жана өнөрүн өркүндөтүүсүнө шарт түзүп берип келишет. Ал эми апасы кызынын талантын өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктү жумшаганын белгилейт.
Алгачкы музыкалык билимин Айжамал Камчыбек агайынан алган. Бүгүнкү күндө ал гитараны өзгөчө сүйүү менен чертип, бош убактысынын көбүн машыгууга арнайт.
«Гитарага абдан кызыгам. Бош убактым болгондо дайыма чертип, машыгып турам. Негизинен мага классикалык чыгармалар жагат. Гитара менин жашоомдо өзгөчө орунду ээлейт. Ал жөн гана музыкалык аспап эмес, бул — сезимдерди билдирүүнүн, ички дүйнөнү ачып көрсөтүүнүн бир жолу. Гитара мага тынчтык тартуулайт, көңүлүмдү көтөрөт жана чыгармачылыкка шыктандырат. Ал аркылуу жаңы обондорду үйрөнүп, өзүмдү өнүктүрөм. Ошондой эле гитара адамдарды бириктирет», — дейт ал.
Жаш музыкант ар кандай сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып келет. 2025-жылы өткөн «Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам» аттуу мектеп аралык сынакта байгелүү орундарды камсыздаса, «Көл кайрыгы» конкурсунда 3-орунду жеңип алган. Ар бир сынак алдында күнү-түнү даярданып, толкунданууну баштан өткөргөнү менен, сахнада өзүн ишенимдүү алып жүрүүгө үйрөнгөн.
«Сахнага чыкканда ар кандай сезимдер кошо келет. Бир жагынан толкундануу болсо, экинчи жагынан башка дүйнөгө өткөндөй болосуң. Сахна адамды тарбиялайт экен», — дейт ал.
Айжамалдын айтымында, гитараны үйрөнүү жеңил эмес. Ноталарды жаттоо, манжаларды көндүрүү көп эмгекти талап кылат. Башында кыйынчылыктар жаралганы менен, ошол тоскоолдуктардын артында чоң жетишкендиктер жатат.
«Албетте, гитара оор аспап. Ноталарын жаттоо, колду көндүрүү оңой эмес. Башында черте албайсың, нотаны түшүнүү да кыйын болот. Бирок ошого карабастан, ушул кыйынчылыктардын артында жакшы жетишкендиктер бар. Гитарага кызыккандарга айтарым — алдыга максат коюп, талыкпай машыгуу керек», — дейт ал.
Алгач өзүнүн гитарасы жок болгондуктан, туугандарынын аспаптарын убактылуу сурап үйрөнгөн. Кийин апасы өзүнө керектүү алтындын ордуна кызына гитара алып берип, аны абдан кубанткан.
Бүгүнкү күндө Айжамалдын хоббиси — китеп окуу жана музыка менен алектенүү. Ал дайыма жаңы нерселерди үйрөнүп, өзүн өнүктүрүүгө умтулат. Мектепте да жалаң «5» деген бааларга окуп, алдыңкы окуучулардын бири.
Келечекте гитара өнөрүн улантып, консерваториядан билим алып, чет өлкөдө иштөө — анын эң чоң кыялы. Ал эми гитарага кызыккан жаштарга берген кеңеши жөнөкөй: максат коюп, талыкпай машыгуу.
«Бардык ийгиликтерим үчүн ата-энеме ыраазычылык айтам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.