Turmush — Ош технологиялык университетинин делегациясы Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында жайгашкан Фергана мамлекеттик университетинин чакыруусу менен иш сапарга барды.
9-апрель күнү Ош технологиялык университетинин Кесипке билим берүү кафедрасы менен Фергана мамлекеттик университетинин Технологиялык билим берүү кафедрасынын ортосунда «ОшТУ жана Фергана мамлекеттик университети: билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн илимий жана педагогикалык тажрыйба алмашуу» аттуу темада эл аралык илимий-усулдук семинар өткөрүлдү.
Семинардын алкагында ОшТУнун окумуштуулары: профессор А.Т.Акматалиев, доцент У.К.Абдалиев, доцент Г.Б.Сапарова, доцент С.К.Бердибекова жана Фергана мамлекетик университетинин окумуштуулары баяндамаларды жасашып, тажрыйба алмашты.
Жыйынтыгында семинардын экинчи этабы ОшТУда уланаары туурасында макулдашышты.
Аталган эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу келишим түзүлгөн. Бул сыяктуу иш-чаралар академиялык мобилдүүлүк пргораммасынын алкагында ОшТУнун Кесипке билим берүү кафедрасы (кафедра башчысы С.К.Бердибекова) менен ФерМУнун Технологиялык билим берүү кафедрасынын (кафедра башчысы С.М.Отажонов) ортосунда көп жылдан бери ишке ашырылып, салтка айланып калган.