Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунда балдарына алимент төлөбөй жүргөн жаран 1 жылга камалды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Өзгөн райондук сотунун 2026-жылдын 8-апрелиндеги өкүмүнүн негизинде айыпталуучу П.М.Б. Кылмыш-Жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү (ата-эненин баласын же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багууга соттун чечиминин негизинде 12 айдан ашкан мезгилде түзүлгөн карыздын суммасында каражаттарды төлөөдөн качуусу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркиндигинен ажыратылды. Айыпталуучу П.М.Б.нын бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды.
«Соттун чечими менен айыпталуучу өзүнүн жашы жете элек балдарына карата материалдык милдеттенмелерин аткарбай, алимент төлөөдөн баш тартып келгендиги аныкталды. Жыйынтыгында сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап ага карата камак түрүндөгү жаза чарасын белгиледи», - деп айтылат маалыматта.
П.М.Б. 2023-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 1-фералына чейин 279 миң 180 сом алимент төлөнгөн эмес.
Сот белгилегендей, ата-энелик милдеттерди аткарбоо мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келет.