Turmush — Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагынын Интернационал айылында Дайыр Асанов атындагы мектептин жаңы имаратынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө мектептин котлованы казылып бүттү. Мектеп 2 кабаттан туруп, 225 орунга ылайыкташкан. Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен акча каражаты каралат. Сметалык баасы — 150 млн сом.
Курулуш иштери быйылкы жылдын күз айларында аяктап, пайдаланууга берилери пландалууда. Имаратты «Азия курулуш компани» ЖЧКсы курууда.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Азия курулуш компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү жана жетекчиси — Сатыбаев Жыргалбек Турсунбаевич. Компания 2010-жылы 25-мартта каттоодон, 2018-жылы 18-мартта кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: ар түрдүү курулуш-монтаждоо иштери.