Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Саты айылындагы сынып, жарактан чыккан көпүрөнүн абалына жергиликтүүлөр тынчсызданып жатышат.
Бир нече күн мурун социалдык тармактарда сайдын аркы өйүзү менен берки өйүзүн байланыштырып турган көпүрө тең ортосунан жарылып, түркүктөрү жараксыз болсо да, андан окуучулар каттап жатканы тартылган видео тарап, ал талкуу жараткан. Кийинчерээк ал Саты айылы менен Жоон-Күнгөй айылын байланыштырып турган көпүрө экени маалым болду.
Сөз болуп жаткан айылда 50-60 түтүн эл жашайт. Көпүрөнүн сынганына 15 күндөй убакыт болгон. Айыл тургуну Айбек Касымалиев жергиликтүү бийлик бул көрүнүшкө көңүл кош мамиле жасап жатканына нааразы.
«Бул унаа өтчү көпүрөнү жергиликтүүлөр ашар жолу менен жасап алышкан. Бирок акыркы 4-5 жылда сайда суунун деңгээли көтөрүлгөндө көпүрөнүн түркүктөрү кыйшыйып, ал бир тарапка ооп калган. Кийин унаа өтпөй Жоон-күнгөйлүктөр мектеп, бала бакчага жөө каттап турушкан. Айылга унаа менен баруу үчүн башка айылдан ондогон чакырым жол басып каттап келишти. Бирок 15 күн мурун бул көпүрө да тең ортосунан сынып, жарактан чыкты. Ошентсе да кооптуу көпүрө менен каттоого мажбур болуудабыз. Себеби чакан айылдагы балдар күн сайын эртели кеч мектепке дал ушул сынып, жарылган көпүрө менен өтөт.
Айыл өкмөткө сынган көпүрөнү алып, жаңысын салып бергиле деп байланышсак, алар азыр бюджетте каражат жок экенин айтып жатышат. Жараксыз көпүрөнү алып салуу үчүн айыл өкмөттүн балансында тиешелүү техникалардын баары жетиштүү. Алар көңүл кош мамиле жасап жатышат. Азыр жаз келип, ара күндө жаан-чачын болуп жатат. Жараксыз көпүрө качан бирөө сууга агып өлгөндө оңдолобу?», - деди ал.
Ал эми ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы сөз болуп жаткан көпүрө боюнча 2018-жылы авариялык корутунду чыгарып, аны жаңылоо боюнча айыл өкмөт башчысына бир нече жолу эскертүүлөр берилгенин маалымдады.
«Саты айылын аралап өткөн Үрүмбаш дарыясынын үстүндөгү бул көпүрө 2004-2006-жылдары курулган. Анын жалпы узундугу 20 метрди, туурасы 4 метрди түзөт. Мындан 50 ашык кожолук 1200дөн ашык үлүш жер ээлери күн сайын каташат.
2012-2013-жылдары орун алган суу ташкынында сел суулары көпүрөнүн түркүгүн жеп кеткен. Кийин ички чарбалык көпүрө 2015-2016-жылы капиталдык ондоодон өткөн. Бирок 2017-жылдагы сел көпүрөнүн сол тарабын жууп кеткен», - деп айтылат маалыматта.