Turmush — Сокулук районуна караштуу Арал айылынын тургуну Мирлан уулу Эрстан футзал боюнча Сокулук районунда «Жылдын мыкты оюнчусу» наамын алды.
Өзүнүн айтымында, 1995-жылы төрөлгөн. Ысымын чоң атасы койгон.
«Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусумун. Өзүм үй бүлөлүмүн, 2 баланын атасымын. Улуусу 1-класста окууса, кичүүсү бала бакчага барат. Келинчегим соода тармагында иштейт. Ысымымды мекендин мыкты жигити болсун деп чоң атам койгон.
17 жашыман баштап ар кайсы тармакта иштегем. 14 жашыман бери футбол ойнойм жана көптөгөн медаль, кубоктор, диплом, грамоталарды алып жүрөм», - деди ал.