Turmush — Кечээ, 9-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунда «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулдук бөлүмүнүн башчысы Эленора Насирова билдирди.
Анын айтымында, сынакта 30 талапкер ат салышты. Жобонун негизинде райондук сынак 6 этапта өтүлдү.
- 1-этап — тесттик тапшырмалар;
- 2-этап — видео презентация;
- 3-этап — онлайн сабактын фрагменти;
- 4-этап — ачык сабактар;
- 5-этап — мастер-класс;
- 6-этап — хобби.
«Ар бир этап боюнча атайын түзүлгөн комиссия жободо көрсөтүлгөн критерийлер менен талапкерлерди баалашты. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 6 мугалим, 1 тарбиячыга сынактын облустук туруна жолдомо берилип, Ысык-Көлгө эс алууга сертификат тапшырылды. Ошондой эле 5 мугалимге ар түрдүү номинациялар ыйгарылды», - деди Эленора Насирова.
Сынактын жеңүүчүлөрү:
- «Жылдын мыкты тарбиячысы» — Ирина Халабурдина, Кайыңды шаарындагы «Балачак» балдар бакчасынын тарбиячысы;
- «Мыкты география мугалими» — Айсана Жаныбаева, Вознесеновка жалпы билим берүү мектеби;
- «Мыкты химия мугалими» — Дооронбек кызы Бүбатма, Орозалы Текеев атындагы жалпы билим мектеби;
- «Мыкты кыргыз тили мугалими» — Шакирали уулу Орозбек, Вознесеновка жалпы билим берүү мектеби;
- «Мыкты башталгыч класстар мугалими» — Самара Бейзеева, А.Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектеби;
- «Мыкты орус тили мугалими» — Гулзарида Арзыматова, К.Жумагулов атындагы жалпы билим берүү мектеби;
- «Мыкты тарых мугалими» — Жылдыз Ниязова, А.Раимкулов атындагы жалпы билим берүү мектеби.
Номинациялар боюнча:
- «Билим берүүнүн бермети» — Айзада Иманалиева, К.Тилебалиев атындагы жатак мектептин башталгыч класстын мугалими;
- «Мээримдүү устат» — Нуриза Айтмырзаева, М.Тилекеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстын мугалими;
- «Чыгармачыл мугалим» — Чолпон Кыдыралиева, К.Тыныстанов атындагы №3 Чалдыбар жалпы билим берүү мектеби;
- «Чебер мугалим» — Абдраим кызы Бегай, Кайыңды №3 жалпы билим берүү мектеби;
- «Ийгиликке жол баштоочу» — Асел Айдарова, К.Жуматев атындагы жалпы билим берүү мектеби.
Ошондой эле бир нече мугалимге ыраазычылык кат тапшырылды.
Иш-чарага аким Бекмаат Масаидов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Арыков жана билим берүү кызматкерлери катышкан.