Turmush — 10-15-апрель күндөрү Ош облусунун айрым аймактарында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
2026-жылдын 10-15-апрель күндөрү Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында мамлекеттик күзөт объектилеринин жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү мерчемделген.
Коомдук коопсуздукту камсыздоого 1700дөн ашуун кызматкер тартылат. Андыктан жогорудагы белгиленген иш-чараларга ылайык, Ош облусунун айрым аймактарында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Чектөө киргизилчү аймактардын тизмеси:
- 10-апрель күнү Ош шаарында;
- 11-апрель күнү Араван районунда;
- 12-апрель күнү Кара-Суу районунда;
- 13-апрель күнү Ноокат районунда;
- 14-апрель күнү Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда;
- 15-апрель күнү Чоң-Алай жана Алай райондорунда.
Ош облусунун ички иштер башкармалыгы жарандарды мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жогоруда көрсөтүлгөн аймактарда жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, коомдук тартипти көзөмөл кылып, жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. Киргизилип жаткан чектөөлөргө байланыштуу унаа кыймылын алдын ала мерчемдеп алууну сунуштайт.
----------------------------------------------------------
Бүгүн, 10-апрелде эртең менен президент Садыр Жапаров Ош шаарына келди.
Буга чейин өлкө башчынын басма сөз катчысы президент Ош облусуна иш сапары менен бара турганын билдирген. Сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат. Президенттин маанилүү объектилерди ачуу жана курулуштарды баштоо аземдерине катышуусу пландаштырылган.
Turmush басылмасына маалым болгондой, 11-апрелден 15-апрелге чейин Ош облусунда өлкө жетекчилигинин катышуусунда бир нече салтанаттуу иш-чара өтөт. Анын алкагында жаңы билим берүү, медициналык мекемелер жана маданий объекттерди ачуу пландалган.