Turmush — Ош облусунда республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө эс алууга жолдомо тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 8-апрель күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев мектеп окуучуларынын арасында өткөн республикалык олимпиаданын финалдык этабында байгелүү орундарды камсыз кылган окуучуларды мектептерине барып куттуктады.
Алгач облус жетекчилиги Араван районуна караштуу С.Юсупова айыл аймагындагы «Араван билим ордо» билим берүү мекемесине барды. Анда англис тили сабагы боюнча 1-орунду ээлеген 11-класстын окуучусу Дониёрбек Махаммадзулиновду, аны даярдаган мугалими Дилором Хамидованы, ошондой эле окуучунун ата-энесин куттуктап, белектер тапшырылды.
Андан соң Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагындагы М.Кулуев атындагы №22 жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу, тарых сабагы боюнча 2-орунду ээлеген Албина Маматнасированы куттукташты. Ошондой эле Төрт-Көл айыл аймагындагы Ж.Маматжанов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу, кыргыз тили сабагынан 2-орунду камсыз кылган Ишенгүл Аксубаева сыйланды.
Облус жетекчилиги жеңүүчү окуучуларды, аларды даярдаган мугалимдерди жана ата-энелерин куттуктап, окуучуларга жана мугалимдерге Ташкент, Бухара, Самарканд шаарларына эс алуу үчүн жолдомо тапшырды.