Turmush — Ош облусунун башчысы Азия чемпионатында байгелүү орун алган Актилек Култаевди сыйлады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 9-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Индонезиянын Жакарта шаарында жаштар арасында дзюдо боюнча өткөн Азия чемпионатында 81 килограмм салмак категориясында коло медаль жеңип алган Актилек Култаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы спортчуну жеңиши менен куттуктап, алдыдагы мелдештерине ийгилик каалады. Ошондой эле ал өлкөнүн, анын ичинде Ош облусунун атын дүйнөгө таанытып жаткан спортчуларды ар тараптуу колдоого даяр экенин белгиледи.
Иш-чаранын соңунда Актилек Култаевге 100 миң сомдук сертификат жана ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
21 жаштагы Актилек Култаев Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну. Ал буга чейин да эл аралык жана республикалык мелдештерде бир катар ийгиликтерди жаратып келген.