Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Таш-Булак айылынын тургуну Жылдызбек Изатбеков футзал боюнча «Жылдын мыкты дарбазачысы» наамына ээ болду. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Жылдызбек Изатбеков 2008-жылы 5-февралда төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын эң улуусу, андан кийин эки карындашы бар.
«Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясыда 1-курста окуп жаткам. 1 жылга академиялык өргүү алдым. Фудболду кичинекей кезимден эле ойноп келем. 4 жылдан бери өзүбүздүн айылдын командасында ойнойм. Буга чейин күрөштүн самбо жана дзюдо түрлөрү менен 6 жыл машыккам. Күрөш менен машыгып, республикалык турнирден 2 жолу коло медаль уткам. Фудболдогу эң чоң сыйлыгым — райондогу «Мыкты дарбазачысы» сыйлыгы»,- деди ал.
Ал келечекте милиция кызматкери болууну кыялданат.
Буга чейин Turmush Сокулук районунда райондун кубогуна арналган футзал боюнча мелдеш жыйынтыкталганын жазган.
Аталган мелдешке райондон жалпы 29 команда катышты. Турнирдин жүрүшүндө командалар алдыңкы орундар жана номинациялар үчүн күч сынашып келген.
Жыйынтыгында 4 команда финалга чыкты.
- 1-орун — «Арал» командасы;
- 2-орун — «Төш-Булак» командасы;
- 3-орун — «Сокулук» командасы;
- 4-орун — «Белек» командасы.