Turmush — Нарын шаарында «Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам» аталышындагы кароо-сынактын облустук туру өттү.
Сынак Нарын балдарга билим берүү борбору тарабынан уюштурулду. Бул сынакка Ат-Башы районунун мектеп окуучулары катышып, ийгилик жаратып келишти.
Райондук турда I -II орунду багындырган таланттуу окуучулар облустук турга жолдомо алышкан. Облустук турдан 1-орунду алган окуучулар республикалык сынакка жолдомо алышты.
Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, вокал, хореография, улуттук аспапта ойноо сыяктуу багыттар боюнча күч сынашты.
Жыйынтык:
- 1-орун — «Вокал» номинациясы боюнча Ой-Терскен мектебинин окуучусу Калыбеков Тилек, даярдаган мугалими Ж.Дыйканбаева;
- 1-орун — «Улуттук аспапта ойноо» боюнча Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин окуучусу Таалайбеков Нурали, Жумалиев Мухамедали, мугалими А.Наматбеков;
- 2-орун — «Вокал» номинациясы боюнча Боогачы рто мектебинен Жумакенова Айпери, мугалими Рыскул уулу А.;
- 2-орун — «Улуттук аспапта ойноо» номинациясы боюнча Ой-Терскен мектебинин окуучусу Мамбеткемелова Камилла, даярдаган мугалими Ж. Дыйканбаева;
- 2-орун — «Улуттук аспапта ойноо» номинациясы боюнча А.Чортеков мектебинин окуучусу Чолпонбаева Айназик, даярдаган мугалими Н.Иманалиева;
- 3-орун — «Улуттук аспапта ойноо» боюнча Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин окуучусу Оморов Элмырза, даярдаган мугалими А.Наматбеков;
- 3-орун — «Улуттук аспапта ойноо» номинациясы боюнча А.Чортеков мектебинин окуучусу Кенжебаева Акмарал, даярдаган мугалими Н.Иманалиева;
- 3-орун — «Хореография» номинациясы боюнча Ой-Терскен мектебинин окуучусу Рахманова Алиса, даярдаган мугалими Ж.Дыйканбаева;
- 3-орун — «Вокал» номинациясы боюнча Т.Адыраңов мектебинин окуучусу Туратбекова Фатима, мугалими Н.Шакиров.
Кызыктыруучу сыйлык алгандар:
- «Хореография» номинациясы боюнча К.Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунан Жаныбекова Айназик, Сагынова Альбина, мугалими Ф.Дөөткулова;
- «Хореография» номинациясы боюнча Рысбекова Жанара, мугалими Ч.Кадыркулова;
- «Вокал» номинациясы боюнча Ой-Терскен мектебинин окуучусу Орозбаева Баина, мугалими Н.Иманалиева;
- «Вокал» номинациясы боюнча Осмоналиев мектебинен Кубатбекова Нуркыз, мугалими Мамбетжумаева Э;
- «Улуттук аспапта ойноо» номинациясы боюнча Жаналы уулу Абдракман мектебинен Барктабасова Айыма, Искендерова Аруужан, мугалими Ы.Алдекова;
- «Хореография» номинациясы боюнча Райымбеков мектебинен Рысбекова Жанара, мугалими Ч.Кадыркулова грамота менен сыйланышты.