Turmush — Чүй облусунун Кант шаарына жакын жерде жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып, оодарылып кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, окуя бүгүн, 9-апрелде Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунда болгон.
Кийинчерээк Чүй ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 2026-жылдын 9-аперль күнү болжол менен саат 11:30 чамаларында Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунун 38-чакырымында болгон. күн Чыгыштан күн батышты карай бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» жана ошол эле багытта бара жаткан «ЈАС» чоң жүк ташуучу унаасы жол кырсыгына учураган. Анын кесепетинен оор жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен.
Жол кырсыгынан жабыркагандар жок.