Turmush — 2025-жылы Ош облусунун жергиликтүү сотторунда жалпысынан 42 миң 422 иш каралган. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрель күнү Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов журналисттер менен болгон иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, биринчи инстанциядагы соттор тарабынан каралган 42 миң 422 соттук актынын ичинен, 2 миң 411 актыга тараптар тарабынан макул болбой даттануу келтирилген. Мында биринчи инстанциядагы соттун соттук актыларынын 5,3% даттануулар келип түшкөндүгүн билдирет. Башкача айтканда, соттордун чыгарган чечимдерине 94,7% тараптар макул экендигин көрсөтөт.
«Биринчи инстанциядагы соттордун даттанылган чечимдеринин апелляциялык инстанцияда кароонун жыйынтыгына токтоло кетсем, анда даттанылган 2 миң 411 соттук актынын 1 миң 642 (68,1%) соттук акты өзгөртүүсүз калган. 528 (22,3%) соттук акты жокко чыгарылган. 241 соттук акты (10,2%) өзгөртүлгөн», - деди ал.
Ошондой эле биринчи инстанциялык соттору тарабынан каралган иштер, экинчи инстанциялык сот тарабынан тараптардын жарашуусунун жана макулдугуна жетишкенинен улам же болбосо эскирүү мөөнөттөрдүн натыйжасында жокко чыгарылып, иштер өндүрүштөн кыскартылган учурлар да бар. Бул жагдайлар мыйзамдуу жана негиздүү болгон менен биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын ишти кароодогу сапаттык көрсөткүчтөрүнө терс таасирин берерин эске алуу зарыл.
Мындан сырткары, жогоруда көрсөтүлгөндөй айрым кабыл алынган соттук актыларынын жокко чыгарылышы же өзгөртүлүшүнө процесстик нормалардын талаптарын бузулушу негиз болгон. Бирок каталарды кетирбөө максатында биринчи инстанциядагы сотторго мыйзамдардын туура жана бирдей колдонулушун камсыз кылуу боюнча методикалык жардам көрсөтүлүп турат.
«Апелляциялык инстанциядагы соттордун 2 миң 411 соттук актысынын ичинен кассациялык тартипте 920 соттук акты даттанылган, мында даттануу деңгээли 17,3%, ал эми апелляциялык инстанциядагы соттордун чечимдерине макулдук 83,7% түзөт.
Апелляциялык инстанциядагы соттордун чечимдери кассациялык сотто кароонун жыйынтыгына токтоло кетсем, даттанылган 920 соттук актынын, 694 (74,4%) күчүндө калган, 178 (19,3%) жокко чыгарылган, 48 (5,3%) соттук акты өзгөртүлгөн», - деп кошумчалады ал.
Ош облустук сотунун төрагасы белгилегендей, жогоруда көрсөтүлгөндөй, Жогорку соту тарабынан кабыл алынган чечимдерде, жергиликтүү соттордун чыгарган соттук актыларын жокко чыгаруу же өзгөртүүгө негиздер соттук процесстерде КРдин процессуалдык нормаларынын талаптары туура эмес жана так эмес колдонулгандыгы ачык белгиленет.
«Биз тарабынан мындай каталар кайталанбашы үчүн, тиешелүү иш-чаралар жана алдын алуу чаралары кабыл алынып, аткарылып турат. 42 миң 422 иш биринчи инстанциядагы соттордун соттук актылары, анын ичинен апелляциялык инстанцияга 2 миң 411 иш даттанылды. Даттанылган соттук актылардын 1642 өзгөртүүсүз, 769 жокко чыгарылган, өзгөртүлгөн, анын ичинен 241 өзгөртүлгөн, 528 жокко чыгарылган. 42422-528=41894 акты мыйзамдуу күчүндө.
Ошондо жалпысынан, бул күчүндө турган соттук актылардын, башкача айтканда тараптар тарабынан кабыл алынган соттук актыларга макул экендигинин 98,8% түзөт. Жокко чыгарылган соттук актылардын жалпы 1,2% түзөт», - деди ал.
Мындан сырткары, кассациялык тартипте даттанылган 920 соттук актынын 694 (74,4%) иши күчүндө калган. 178 (19,3%) иши жокко чыгарылган, 48 (5,3%) соттук акты өзгөртүлгөн.
Аны менен катар Эрлан Асанов журналисттердин соттордун маянасы тууралуу суроолоруна жооп берип, өзү маянасы көбөйгөндөн кийин 310 миң сом маяна алып калганын, көп судьялар ушундай өлчөмдө маяна аларын, айрым райондор көрсөткүчтөр тажрыйбасына, тоолуу шартына жана башка жагдайлардан улам башкача болуп каларын айтты.
Асанов ошондой эле апрель айынан баштап пилоттук негизде Ош облустук соту менен шаардык сотунда соттук отурумдар түз эфирден көрсөтүлүп жатканын айтып, райондук соттордо жакын арада ушул режимге өтөрүн айтты.
«Апрель айынан баштап соттук отурумдар Ош облустук, шаардык соттогу отурумдар түз эфирден көрсөтүлүп калды. Калган райондор жакын арада ушул режимге өтөт.
Айта кетүүчү жагдай, кайсы учурда соттук отурум түз эфирде чагылдырылат. Качан тараптар ага макулдук бергенде гана», - деди ал.