Turmush — Сокулук районунда 10-класстын окуучусу Раяна Абдикаримова химия боюнча олимпиаданын республикалык турунда 5-орунду алды. Аймактык кабарчы андан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, үй-бүлөдө 4 кыздын эң улуусу.
«Атам аскер кызматкери болуп пенсияга чыккан. Запастагы майор. Апам үй кожойкеси. Өзүм Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылындагы Иманалы Айдарбеков жалпы билим берүү мектебинде 10-класста окуйм.
Бош убакытта көбүнчө сабак окуйм, жалпы республикалык тестирлөөнү даярдаган курстарга катышам. Өзүм кызыккан химия сабагын көп окуйм. Баскетбол ойногонду жакшы көрөм.
Келечектеги максатым жогорку окуу жайга окуп, жакшы бир кесиптин ээси болгум келет. Алдыда кесибимди дагы тандап койдум. Ал медицина тармагы. Андыктан медициналык академияга тапшырам«», - деди ал.