Turmush — Талас районундагы «Манас Ордо» комплексин реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, дубан башчысы ал жердеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.
«Манас Ордо» комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Жаңы долбоордун негизинде музейдин аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилет. Комплекс кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрүн заманбап жана улуттук стилде чагылдырган маданий борборго айланат.
Долбоор ишке ашканда, комплекс күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл ала алган Борбордук Азиядагы уникалдуу маданий жай болот. Анда административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлар курулат. Ошондой эле 3500 орундуу маданий борбор, соода жана эс алуу галереясы да каралган.
Аталган комплекс акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу ири реконструкциядан өтүп жатат. Долбоор аяктагандан кийин 200дөн ашуун жаңы жумуш орундары түзүлөт.
2025-жылдын 13-ноябрында президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Манас Ордо» Кыргыз улуттук комплексин реконструкциялоого мезгил кутусун салган.
Курулуш иштерин ушул жылдын 31-августуна чейин жыйынтыктоо пландалууда. Себеби Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү быйыл Талас облусунда, анын ичинде «Манас Ордо» улуттук комплексинде белгиленет.