Turmush — Акылбек Мамытов Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаардык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Маалым болгондой, жаңы жетекчи кечээ, 8-апрель күнү эмгек жамаатына тааныштырылды.
- Акылбек Мамытов 1992-жылы Баткен шаарында төрөлгөн.
- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде салык тармагы боюнча билим алган.
- Буга чейин Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппараттын тармактык аналитика бөлүмүндө инспектор болуп иштеп келген.
Эмгек жолу
| Датасы | Датасы | Иштеген жери | Ээлеген кызматы |
| 02.12.2014 | 29.09.2015 | Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаары боюнча башкармалыгы | жетекчинин катчысы |
| 29.09.2015 | 01.11.2016 | Баткен шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын Салык төлөөчүлөр менен иштөө жана кирешелерди иштеп чыгуу бөлүмү | улук инспектор |
| 25.07.2017 | 15.08.2019 | Мамлекеттик салык кызматынын Кадамжай району боюнча башкармалыгы, Салык карызды өндүрүү бөлүмү | инспектор |
| 15.08.2019 | 20.10.2020 | Мамлекеттик салык кызматынын Кадамжай району боюнча башкармалыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү бөлүмү | улук инспектор |
| 20.10.2020 | 28.12.2021 | Мамлекеттик салык кызматынын Кадамжай району боюнча башкармалыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү бөлүмү | бөлүм башчы |
| 28.12.2021 | 10.02.2022 | Мамлекеттик салык кызматынын Кадамжай району боюнча башкармалыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү бөлүмү | Бөлүм башчы |
| 10.02.2022 | 13.03.2023 | Мамлекеттик салык кызматынын Кадамжай району боюнча башкармалыгы, карызды өндүрүү бөлүмү | башкы инспектор |
| 13.03.2023 | 16.01.2024 | Кадамжай району боюнча МСК, Салыктык контролдоо жана карызды өндүрүү бөлүмү | улук инспектор |
| 16.01.2024 | 26.11.2024 | Мамлекеттик салык кызматы, Борбордук аппарат, аналитикалык иштер жана контролдоо бөлүмү | инспектор |
| 26.11.2024 | 19.05.2025 | Мамлекеттик салык кызматы, Борбордук аппарат, аналитикалык иштер бөлүмү | инспектор |
| 19.05.2025 | 24.10.2025 | Мамлекеттик салык кызматы, Борбордук аппарат, системалык маалыматтарды иштеп чыгуу бөлүмү | инспектор |
| 24.10.2025 | азыркы учур | Мамлекеттик салык кызматы, Борбордук аппарат, тармактарды анализдөө бөлүмү | инспектор |