Turmush — Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын тургуну Чынара Тыналиева башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 1987-жылы Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылынында туулган.
«Мектепти аяктагандан кийин 2004-жылы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетине тапшырып, 2009-жылы аяктадым. Ошол учурдан тартып билим берүү тармагында эмгектенип келе жатам.
Учурда Боо-Терек айылында Дооронбек Дүйшебаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде мугалим болуп иштейм. Өзүм 2 уул, 2 кыздын энесимин. Үй-бүлө менен кесипти айкалыштырып, ар бир күнүмдү маанилүү жана жоопкерчиликтүү өткөрүүгө аракет кылам.
Мугалимдик кесипте 19 жылдан бери эмгектенип келем. Мен үчүн мугалим болуу — бул жөн гана сабак өтүү эмес. Бул — окуучуга тарбия берүү, туура багыт көрсөтүү жана алардын келечегине жол ачуу. Ар бир окуучунун ичиндеги мүмкүнчүлүктү ачуу менин негизги максаттарымдын бири.
Бала кезимдеги кыялым актриса болуу эле. Ушул кызыгуум мени чыгармачылыкка жакын кылып, маданият тармагына да алып келди. Бүгүнкү күндө окуучуларымдын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, аларды искусствого шыктандырып келем.
Ошондой эле райондук жана облустук деңгээлдеги маданий иш-чараларга активдүү катышып, кесиптештерим менен биргеликте ар кандай саамалыктарды уюштуруп келебиз. Бул иштер мага чоң тажрыйба жана дем берет. Ырчылык өнөр дагы, алып баруучулук чеберчилик дагы мугалим болуп жүрүп ойгонду.
Менин түшүнүгүмдө, мугалим — бул билим берүүчү гана эмес, ал тарбиячы, багыт берүүчү, ошондой эле окуучулар үчүн үлгү боло алган инсан. Сабырдуулук, адилеттүүлүк, түшүнүүчүлүк — ар бир мугалимдин негизги сапаттары болушу керек деп эсептейм. Келечек муунга татыктуу билим, тарбия берүү менин эң башкы максатым», - деди ал.