Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарында токтоп турган унаанын ичинен буюм уурдаган шектүү видеого түшүп калды.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя 2026-жылдын 8-апрелинде саат 14:00 чамаларында 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Ушундай эле окуя 1-кичи райондогу №7 үйдүн короосунда да катталган.
Алдын ала маалымат боюнча, унаалардын ичинен баалуу буюмдар уурдалган.
Милиция бул окуя боюнча тактоо жүргүзүп жатат.