Turmush — Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл аймагында көчө бойлоп жүргөн жолбун иттер атылууда. Бул тууралуу аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Бактияр Ургазиев билдирди.
Анын айтымында, айыл аймакка караштуу айылдарда ээси жок, кароосуз жүргөн жолбун иттер массалык түрдө жок кылынып жатат. Бул максатта мергенчилер коомуна кайрылуу жасалып, айыл аймактын кызматкерлери менен биргеликте айыл ичин кыдырып, жолбун иттерди атуу иштери жүргүзүлүүдө.
Атылган иттер чогултулуп, крематорийде өрттөлүүдө. Ошондой эле тургундарга иттерин бош кое бербөө тууралуу кайрылуу жасалып жатат.
Учурда 100гө жакын жолбун ит атылды.
Жаргылчак айыл аймагында бул багыттагы иш-чаралар улантылып, мергенчилер менен биргеликте жолбун иттерди жок кылуу иштери жүрүүдө.