Turmush — Кечээ, 7-апрелде Ош облусунун Өзгөн районунун тургундарынын катышуусунда «Коопсуз жолду биргеликте түзөбүз» форуму өттү. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Иш-чарага Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов, Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мирлан Боенов жана башка тиешелүү кызмат өкүлдөрү катышты.
Форумдун негизги максаты — жол кырсыктарын азайтуу, алардын алдын алуу боюнча жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу жана коопсуз жол кыймылын камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жол коопсуздугуна байланышкан сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүп, катышуучуларга таасирдүү жана түшүнүктүү форматта маалымат жеткирилди. Форумдун катышуучулары өз суроолорун берип, сунуш-пикирлерин билдиришти.